Орусияда абага көтөрүлгөн АН-26 учагы менен байланыш үзүлдү

Бүгүн, 6-июль күнү түшкө жуук Орусиянын Камчатка жарым аралынын аймагынан жүргүнчүлөрү бар АН-26 учагы менен байланыш үзүлдү. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, байланыш үзүлгөн АН-26 учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, учакта 22 жүргүнчү, анын ичинде бир бала жана экипаждын 6 мүчөсү бар болгон.

Учурда учакты издөө боюнча ыкчам иш-чаралар башталды. Учакты издөөгө тик учактар тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан