Бүгүн, 6-июлда Орусиянын Камчатка жарым аралында жүргүнчү ташуучу АН-26 учагы менен байланыш үзүлдү. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматы учак деңизге кулашы мүмкүн экенин билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазышты.
1. Учак менен байланыш Палана аймагында үзүлгөн. Ал убакта учак жерге ылдыйлай баштаган. Учкуч учуу учурунда бортто көйгөй жаралгандыгын айткан эмес.
2. Прокуратуранын маалыматы боюнча, учакта 29 адам болгон. Анын ичинен 23ү жүргүнчү жана алтоо экипаж мүчөлөрү. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Палана шаарынын тургундары. Бортто шаар башчысы Ольга Мохирева дагы бар.
3. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматы учак деңизге кулашы мүмкүн деп болжолдошууда. Бул көрүнүш пилоттук катачылыктан улам келип чыгышы мүмкүн.
4. Орусиянын аба транспорту агенттиги окуя болгон жерде аба ырайы татаал экендигин жарыялады.
5. Ошол эле учурда синоптиктер 300-600 метр бийиктикти үзгүлтүксүз булут каптап тургандыгын, бирок горизонталдык көрүнүш жакшы бойдон калгандыгын, шамалдын күчү секундасына 2-8 метрди түзгөндүгүн айтышкан.
Учурда ыкчам издөө иш-чаралары улантылып, тик учактар тартылган.