Орусиянын Камчатка жарым аралына жакын жерден байланыш үзүлгөн АН-26 учагы деңизге кулаган. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда болжолдуу деп табылган жерге деңиз кемелери жана тик учактар жөнөтүлдү.
Бүгүн, 6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары.