Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматы байланыш үзүлгөн АН-26 учагынын кулаган жеринин аныкталгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар кызматынын басма сөз кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Бир катар маалымдоо каражаттары куткаруучулар Ан-26 жүргүнчү ташуучу учагы кулап түшүшү мүмкүн болгон жерди табышканы жөнүндө маалыматты жазышты. Учурда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маалыматты тастыктабайт. Издөө улантылууда", - деп билдирген басма сөз кызматынан.
Бүгүн, 6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары.