"Палана, мени күт". Орусияда байланыш үзүлгөн АН-26 учагынын жүргүнчүсү учуу алдында сүрөт жүктөгөн

Орусиянын Камчатка аймагында дайынсыз болуп жаткан АН-26 учагынын жүргүнчүсү учуу алдында учактын бортунда сүрөткө түшүп социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

"Палана, мени күт", - деп жазып учактын бортундагы сүрөтүн жүктөгөн жүргүнчү.

Бүгүн, 6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары. Учурда АН-26 учагын издөө иштери улантылып, ага деңиз кемелери, тик учактар тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан