Байланыш үзүлгөн АН-26 учагынын сыныктары Охот деңизинин жээгинен табылды

Орусиянын Камчатка жарым аралында дайынсыз болуп жаткан АН-26 жүргүнчү ташуучу учагынын сыныктары Охот деңизинин жээгинен табылды. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматындагы өздүк булактарына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, АН-26 учагынын сыныктары Палана шаарчасынан 3,8 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан тик учактан көрүнгөн.

Бүгүн, 6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары. Учурда АН-26 учагын издөө иштери улантылып, ага деңиз кемелери, тик учактар тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан