Алдын ала маалыматтар боюнча Орусиянын Камчатка аймагында дайынсыз болуп жаткан АН-26 учагынын бардык жүргүнчүлөрү каза болду. Бул тууралуу өздүк булактарына таянуу менен Орусиянын ТАСС басылмасы жазды.
Учактын сыныктары Палана шаарынан 3,8 чакырым алыстыктагы Охот деңизинин жээгинен табылган. Учак ташка урулган болушу мүмкүн.
Бүгүн, 6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары. Учурда АН-26 учагын издөө иштери улантылып, ага деңиз кемелери, тик учактар тартылган.