Бишкекте унааны мыйзамсыз ээлеп алууга шектелген жаран кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери унааны мыйзамсыз ээлеп алууга шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 4-июль күнү Бишкек ШИИББинин 102 кызматына мыйзамсыз унаа айдап кетишти деген чакыруу келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматы барып, окуяны тактаганда 1995-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү болжол менен саат 07:00 чамасында белгисиз жарандар Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен арыз ээсинин токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын ачып, белгисиз тарапка айдап кетишкен.

Чакыруу менен келген кызматкерлер кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1993-жылы туулган Т.А. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү Ленин РИИБине тергөө кызматына жеткирилип, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан