Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы туңгуч президентти туулган күнү жана Казакстандын борбор шаарынын күнү менен жылуу куттуктап, Нурсултан Назарбаевдин Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак коңшулук мамилелерди орнотууга жана бекемдөөгө кошкон жеке салымын өзгөчө белгиледи.

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевге чың ден соолук жана узун өмүр, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан