"Шоколад көп жебе, тишиңе зыян, толуп кетесиң!" деген сөздү көп угабыз туурабы? Бирок шоколаддын ден соолукка пайдалуу жагы да арбын. Мындай билдирүүнү америкалык окумуштуулар көп убакытка созулган ар кыл изилдөөлөрдөн кийин билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Ага ылайык, шоколадды өз өлчөмү менен туура пайдалануу организмдеги бир канча функциялар үчүн пайдалуу экендиги айтылат.
"Какао бул табигый продукт, аны туура колдонуу ашыкча салмактуулук менен күрөшүүдө, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыр тарткандарга жардам берет. Шоколаддын эффективдүүлүгүнүн сыры ал организмдеги бир канча системалардын ишмердүүлүгү менен кызматташа аларында. Какаонун дагы бир өзгөчөлүгү анын курамында кан айланууну жакшыртуучу өсүмдүк кошулмалары бар болгондугу. Ал өз кезегинде кан басымды төмөндөтүп, холестериндин деңгээлин калыбына келүүсүн шарттайт. Шоколад кан басымды тең салмактуулукта сактоого жардам берген калийге бай. Андан сырткары магний да бар, ал жүрөктүн жана булчуңдардын иштөөсүндө маанилүү роль ойнойт.
Ошондой эле шоколад мээнин иштөөсүн жакшыртып, Альцгеймер оорусун алдын алат. Шоколаддын эң пайдалуусу кара жана ачуусу. Болгону ченеми менен колдонуу керек", - деп билдиришкен окумуштуулар менен диетологдор.