"Сулуулугум мамиле курууга тоскоол болуп жатат...". Швейцариялык модель кыз жалгыздыктан жабыр тартып жатканын айтып чыкты

Швейцариялык модель кыз акыркы 7 жылдан бери жалгыздыктан жабыр тартып келгендигин айтып чыкты. Ага анын сулуулугу себеп болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылат.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы Селин Чентино анын сулуулугу жана келбети мырзалар менен мамиле түзүүдө тоскоолдук кылып жатканын айткан.

"Мырзалар мени жактырып карашат, аларга жооп катары жылмайсам келип таанышуудан коркушат. Клубдардан спирт ичимдигин ичип алып, эрк топтогон мырзалар таанышууга батынганы менен мага мындай мамиле жакпайт. Мени менен сүйлөшүп жатканда бир аз толкунданган мырзалар жагат. Мен мырзалардын боюна жана тамашакөйлүк сапатына гана маани берем. Анын жүзү же чач жасалгасы мен үчүн маанилүү эмес. Мен эркектердин келбетине көп басым жасабайм, себеби бала кезде өзүм дагы келбетимдин айынан көп мазактоолорго туш болгом", - деген модель кыз.

Белгилей кетсек, Селин Чентино келбетине пластикалык операция жасатууга жана косметикалык процедуралар үчүн 50 миң шфейцар франкын (болжол менен 4 миллион 560 миң сом) короткону менен интернет айдыңына атагы чыккан. Учурда Инстаграм-модель болуп иштейт. Анын 500 миңден ашуун катталуучусу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ulaAjidar
2021-07-07 00:23:57
Менин кошунам Топчу акага тмйип ал....Аялы жок кыйнаоып жатат
+3
patriot.kg94
2021-07-07 00:37:31
Иттей сулуу турбайсынбы
+4
Dembele84
2021-07-07 01:51:31
Бир кундуктордон экен да,дальше чогуу жашоого болбойт!
+1
algakaray
2021-07-07 01:58:46
Акчасы бар кыз экен да сулуулук жок
+1
voennyi88
2021-07-07 05:27:12
Мендагы эмнеге уйлоно албай жүрөм десем красавчиктигим тоскоол болуп жатыптырда.
+14
Gulina90
2021-07-07 07:26:37
Шайтан
+2
Mubarak
2021-07-07 20:54:43
Баары жасалмаго сулуу емесле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан