Бишкек шаарында баңгизат менен алектенген шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында баңгизат менен алектенгенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 6-июлда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизат жана борбордогу көп кабаттуу үйдөгү батирде адамдар топтолуп жатканы тууралуу маалымат алышкан. Июндун аягында аталган кызматтын жана Октябрь РИИБинин кызматкелери атайын операция жүргүзүп, анын жыйынтыгында бир катар буюмдар алынган.

Аталган батирден табылган баштыктын ичинен 141 "шайба" 2,7 килограмм гашиш жана ийнелер чыккан. Текшерүү учурунда 1989-жылы туулган П.Ю. аттуу жаран шектүү катары кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда башка дагы шектүүлөр изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан