Жеңил атлетика боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Токио шаарында өтө турган ХХХII жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Нурсултан Кеңешбеков Олимпиадада 5 миң метр аралыкка чуркайт.
Бул Кыргыз өлкөсүнүн "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына утуп алган 18-жолдомосу. Буга чейин жолдомолорду Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев (күрөш), Владимир Золоев (дзюдо), Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Роман Петров (фехтование), Бекдөөлөт Расулбеков (оор атлетика), Каныкей Кубанычбекова (ок атуу) жана Денис Петрашов (сууда сүзүү) жеңип алышкан.