Бүгүн, 7-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 1182 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 7-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 182 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 594 метр куб, агып чыгышы 417 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 6-июлда суу сактагычта 11 миллиард 167 миллион метр куб суу бар болчу.