Футбол боюнча Аргентина курама командасы Америка Кубогунун финалына чыкты.
Бүгүн, 7-июль күнү эртең менен Америка Кубогунун экинчи жарым финалдык беттеши орун алды. Анда Аргентина менен Колумбия кез келип, оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, кошумча берилген убакытта эсеп санын өзгөргөн жок. Жыйынтыгында пенальтилер сериясы орун алып, анда Аргентина 3:2 эсебинде жеңишке жетти.
11-июль күнү Америка Кубогунун финалында Аргентина - Бразилия жубу ойнойт. Бразилия кечээ, 6-июлда Перуну 1:0 эсебинде жеңип финалга чыккан.