Бүгүн, 7-июлдан 8-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун экинчи жарым финалдык беттеши Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өтөт.
Бүгүнкү оюнда Англия менен Дания курама командалары кез келет. Англия жарым финалга Украинаны 4:0 эсебинде жеңип чыкса, Дания Чехияны жеңип чыккан. Жарым финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Жарым финал: Англия - Дания;
"Уэмбли" стадиону (Лондон шаары, Англия);
Башкы калыс: Данни Маккели (Нидерланды).
Бүгүнкү оюнда жеңишке жеткен команда турнирдин финалына чыгып, анда Италия менен ойнойт. Финалдык оюн 11-июлда Лондон шаарында өтөт.