Биз социалдык тармакта

"Бутактар кургап...". Мэрия "Айчүрөк" соода борборунун алдындагы бактын кыйылышы боюнча билдирди

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун алдындагы бактын кыйылышы боюнча шаардык мэрия түшүндүрмө берди.

Мекеменин маалыматына караганда, соода борборунун алдындагы бак орду-түбү менен кыйылбайт. "Айчүрөк" соода борборунун администрациясы бактарды санитардык кыркуу иштерин жүргүзүп жатат. Бул жарандардын коопсуздугу үчүн жасалууда. Былтыркы жылы пандемиядан улам бактардын бутактарын кыркуу иштери жүргүзүлбөй калган. Мындан улам бактын көп бутактары кургап, кыюуга туура келген", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары соода борбордун алдындагы бактын кыйылып жаткан сүрөттөрүн жайылтып, нааразы болгон пикирлерин билдирип чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан