Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык ишкердин баш коргоо чарасы башка өлкөгө чыкпоо тил каты менен өзгөртүлдү.
"Бүгүн баш коргоо чарасы өзгөртүлдү, бирок азыр дагы тергөө жүрүп жатат. Мамлекетке келтирилген чыгым боюнча бизге маалымат түшкөн жок", - дешти аталган мекемеден.
Эске салсак, буга чейин Тимур Файзиев Кыргыз өлкөсүнө кайтып келгени айтылган. Анын Ысык-Көлдө эс алып жүргөндөгү сүрөтү социалдык тармактарга тараган.