Биз социалдык тармакта

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин жарыялады

Кечээ, 6-июлда Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз жараны Орхан Инандынын жүргөн жери жөнүндө маалымат берүү жана консулдук кызматкердин ага кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчүн билдирген.

Явуз Кыран Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын өтүнүчүн Түркиянын Юстиция министрлигине жөнөтөрүн билдирди. Ошол эле учурда ал Орхан Инанды Түркиянын жараны экендигин жана анын жүргөн жери жөнүндө маалыматы жок экендигин белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.

Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Umar7
2021-07-07 15:00:40
Калп эле сыртын салып, көз боёмочулук кылып элди алдап не кереги бар? Элди тупой ойлобогула. Орханды Өзүңөр эле самалетко салып жеткирип бердиңер, Инанды берип профессор сыйлыгын алдың
+5
Milduri
2021-07-07 15:12:11
Орхан Инандыны кандай болбосун Бишкеке алып келгиле! Ал кыргыз жараны!!!
0
nurbek11
2021-07-07 16:04:41
Эмне кыласынар бир турктун аркасынан нерв коротуп. Ал турк жараны жана ошол мыйзам менен жоопко тартылсын. Эмне кереги бар анын бизге.
-2
suban78
2021-07-07 16:10:20
Куноосу болсо жооп берсин. Эми ушул бир тцрк учун Жапаровду куноолобой. Жапаров эгер кармап берген болсо ар бир кыргыз учун, мамлекет учун кылды. Бизди кыйын учурда Эрдоган колдоду, жети олсоп бир кескиле. Биздин куу тумшук, егичтер Жапвровду жок кыла албай турганда силер да кошумча болбогула.
0
Rifle_I
2021-07-07 16:24:23
Туркиянын жараны.
Бир кыргыз орус жаранын алып бир иш кылсын. Орустар иди на дейт, биздин жарандыкты алса да түбү кыргыз деп.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан