Биз социалдык тармакта

Депутат: "Өзүбүздүн өлкөдө жарандарыбызды коргой албай жатсак, башка мамлекеттеги жарандарыбызды кантип коргойбуз?"

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Орхан Инанды Түркия тарабынан кармалганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулууда.

"Өзүбүздүн өлкөдө жарандарыбызды коргой албай жатсак, башка мамлекеттеги жарандарыбызды кантип коргойбуз? Өзүбүздүн жараныбызды салып бергенден кийин башка сөз жок. Буга чейин деле канча жолу айттык. Өзүбүздүн коопсуздугубузду сезбейбиз. Дипломатиялык жол менен чечебиз деген жакшы. Бирок колубуздан келеби? Алар биздин мыйзамдарыбызды бузуп туруп, биздин жараныбызды чыгарып кетти го", - деди депутат Айсулуу Мамашова.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев: "Башка мамлекетте жүргөн жарандарыбыздын укугун, эркиндигин коргоого мүмкүнчүлүгүбүз бар", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан