Япониядагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны 7ге жетти

Япониянын Атами шаарында 3-июлда болгон ири жер көчкүдөн каза болгондордун саны 7ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Табигый кырсыктын кесепетинен кеминде 130дай турак-жай жараксыз абалга келген. Дагы 20дан ашуун адам дайынсыз деп болжолдонууда.

Атамиде өрт өчүрүүчүлөр, полиция жана аскер бөлүктөрүнөн турган издөө-куткаруу топтору издөө иштерин улантышууда. Ошондой эле табигый кырсык болгон аймактардагы таштандылар тазаланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан