Кеминде өспүрүм кызды зордуктады делген адамдын уулу: "Атама бул ишти жасасаң өлүп ал дедим"

Буга чейин SUPER.KG порталына Кеминде жездем эки жыл зордуктап жүрдү деген өспүрүм кыз башынан өткөргөн кайгылуу окуясын айтып кайрылган.

Экинчи тараптын үнүн угуу үчүн шектүүнүн 35 жаштагы уулу менен сүйлөштүк. Ал төмөнкүлөрдү билдирди.

"Жабырлануучулар Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө 5 күн мурун кайрылышыптыр. Бирок РИИБге ишеним көрсөтпөйбүз деп суракка келбей жатышат. 16 жашар кыздын апасы өгөй, өз апасы каза болуп калган. Атасы ичимдик ичет. Кызын өздөрү келип ата-энемдин колуна тапшырышкан. Атама ушул жолго барсаң өлүп ал деп айттым. Ал мен кылган эмесмин деп агынан жарылып отурат.

Ал кыз биздин үйгө келип мектептин президенти болду. Ата-энемди Ысык-Көлгө чейин ээрчип, жакшынакай жүрчү. Ата-энем менен бийлеп, Tik-Tok тартчу. Мыйзам чегинде дыкат териштирүү иштеринин жүрүшүн талап кылабыз. Биз дагы жактоочу алганы жатабыз. Бизди шерменде кылып жатышат. Бул өгөй апасынын кылыктары болушу керек деген ойдобуз", - деди шектүүнүн уулу.

Ал эми өспүрүм кыздын апасы бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

"Ооба, мен өгөй апасымын. Кыз кичинекей чагында эле өз апасы каза болуп калган. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Өзүлөрү жалдырап, бизде үй оокаттарын кылганга кыз жок дегени үчүн бергенбиз. Же болбосо бермек эмеспиз. Бул өгөй апасынын кылыктары болушу керек деп айтыптыр. Булардын акчасы бар болсо бир жөн, анда акчасын алайын деп жатат ойлосоңор болот эле. Булар деле биз сыяктуу орто турган адамдар. Антип акча алам же ал-бул дегеним жок. Анте турган болсом чалганда алып, бир ортого келмекпиз. Кыргызчылык, тууганчылык кылып бүтүрөлү дешти, мен болбой жатам", - деди апасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tursunbaev1978
2021-07-07 20:09:27
Кимисине ишеништи да билбейсиң,ар ким өзүнүн күнөөсүнө акыретте жооп берет
+4
Nina.alex
2021-07-07 20:10:43
Тобоо.эми куноону 13 жашар кызга шылтамай болуп атышабы???
+9
Nina.alex
2021-07-07 20:12:12
Тууганчылык кылып бутуролу дешсе,демек куноолору барго
+8
JaneEr
2021-07-07 20:37:29
Аллах алдында ар ким озуно жооп берет,бул дуйнодогу сурак эчтеке эмес..
+5
NURSAPAR
2021-07-07 20:57:10
Ээ адамдар не болуп баратышат?
+3
portugalia
2021-07-07 21:29:58
Огой энеси болсо эмне экен?Кыздын таламын талашып жатат азамат!
+10
Nursul
2021-07-07 22:15:10
Экинчи тараптын сөзүн окусаң булардыкы туура бир бул адамдар жана Аллахтан башка эч ким билбейт окшойт.
-1
Zarema11
2021-07-07 22:23:08
Ынсап берсин. Өгөй болгону менен жабыр тартканды колдоп жатат азамат аял экен. Өлүп ал дебей эле өлтүрүп койсоңор болмок болбосо өзүңөрдүн кызыңарга да кийин жолун улантат го.Баланы кичине чоңду айырмалабайт мындай айбандар!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан