"Биздин Кыргызстан" партиясы шайлоого аттанды, анын артында ким турат?
"Урматтуу максатташтар! "Биздин Кыргызстан" партиясы Бишкек жана Ош шаардык кеӊештеринин шайлоосуна аттанып жатып, тилектештерибизге кайрылып жатабыз. Ар шайлоо сайын түрдүү убадалар менен чыккан талапкерлерди көп эле жолу жолуктурдук. Шайлоо алдындагы убадасы менен, кийинки иш-аракети дал келбей калган учурларды дагы билебиз. Атадан баласына калган партиялар дагы бар.
Кадырлуу шаар тургундары! "Биздин Кыргызстан" партиясынын командасы убада кылуудан мурда ар биринин артында кылган эмгектери, топтогон тажрыйбалары бар экенин айта алат. Биздин команда - эмгекчил, жаратмандар! Партиянын катарында өз киндигин өзү кесип, жөнөкөй үй-бүлөдөн суурулуп чыгып, шаардын аймагында эле эмес, мамлекеттин деӊгээлинде эӊ алдыӊкы ийгиликтердин катарындагы чыгаан уул-кыздар бар.
Тажрыйба жана билим менен катар бизде ишеним жана күч бар. Жаратмандардын катарында болуңуздар, "Биздин Кыргызстанга" добуш бериңиздер!"
Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова тарабынан төлөндү.