Гаитинин президентин резиденциясында белгисиз жарандар атып кетишти

Гаитинин президенти Жовенель Моиз киши колдуу каза болду. Аны борбор калаадагы резиденциясында өлтүрүп кетишкен.

"7-июлга караган түнү түнкү саат 01:00дө испан жана англис тилдеринде сүйлөгөн белгисиз адамдар тобу президентке кол салган. Президент алган жаракатынан улам көз жумду", - деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозеф. Жозеф өлкө президентинин милдетин өзүнө алгандыгын айткан. Ошондой эле ал элди тынчтанууга чакырып, полиция жана армия өлкөдө тартипти сактай тургандыгын жана коопсуздук көзөмөлдө экендигин кошумчалаган.

Өлкөнүн биринчи айымы Мартина Моиз да кол салуудан жаракат алган, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат.

53 жаштагы Жовенель Моиз 2017-жылдын февраль айынан бери өлкө башчы кызматын аркалап келе жаткан. Ал мурдагы президент Мишель Мартелли кызматтан кеткенден кийин президент болуп дайындалган.

Гаити - Батыш жарым шардагы жакыр мамлекеттердин бири. Калкы болжол менен 10,6 миллион адамды түзөт. Өткөн жылдын февраль айында өлкөдө нааразычылык акциялары башталып, анын катышуучулары Моиздин кызматтан кетишин талап кылышкан. Президенттин оппоненттери аны инфляциянын өсүшү, чиновниктердин коррупциясы жана экономикалык абалдын начарлашына күнөөлөп келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан