Ысык-Көлдө пансионаттардын биринде тапанча алып жүргөн жаран кармалды

Ысык-Көлдө "ТТ" үлгүсүндөгү тапанчаны алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июль күнү Ысык-Көл РИИБинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлерине Бает айылында жайгашкан пансионаттардын биринде белгисиз жаран мыйзамсыз ок атуучу куралды өзү менен алып жүрөт деген маалымат түшкөн. Бул маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам кызматкерлер иликтөө иштерин жүргүзүшүп, мыйзамсыз ок атуучу куралды алып жүргөн шектүү адамдын аты-жөнүн такташкан. Ал Чүй облусунун Лебединовка айылынын 49 жаштагы Л.Х. аттуу тургуну болгон. Андан "ТТ" үлгүсүндөгү тапанча, алты огу менен далил зат катары табылып алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жана кошумча далил заттарды табуу максатында мыйзамсыз ок атуучу куралды алып жүргөн шектүү адамдын жашаган үйүндө дагы тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда тапанча үлгүсүндө кошумча курал 10 огу менен табылган. Учурда Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында алынган куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-07-07 19:03:38
Ок, курал алып жүргөндөрдү өзүн атып салыш керек же катуу чара көрүлүш керек, болбосо башка бейкүнөө адамды өлтүрүп коё электе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан