"Евро-2020" жарым финалында Англия Лондондогу "Уэмбли" стадионунда Данияны жеңди (2-1).
Миккель Дамсгор 30-мүнөттө түздөн-түз дарбазаны көздөй айып соккусун мыкты аткарып, эсеп санын ачты. 39-мүнөттө англиялыктар Симон Керьдин автоголунун жардамы менен эсепти теңеди.
Кошумча 30 мүнөттүктө жеңиш голун 104-мүнөттө Харри Кейн киргизди. Каспер Шмейхель пенальтиден Кейн узаткан соккуда топтун багытын өзгөртө алды, бирок англиялык форвард биринчи болуп топко жетип гол жаратты.
Ошентип Англия турнирдин финалына чыгып, 11-июлдан 12-июлга караган түнү финалда Италия менен ойнойт.