
Ошто батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, маркум 82 жашта болгон.
"Ош шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучулары Раимбеков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачканда 1939-жылы туулган Ф.З. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.