Токиодо өзгөчө кырдаал режими 22-августка чейин киргизилет

Япония өкмөтү коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Токиодо өзгөчө кырдаалды киргизип жатат, ал 12-июлдан 22-августка чейин созулат. Бул тууралуу инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча борбордук штабдын ишин координациялаган Япониянын экономикалык калыбына келтирүү министри Ясутоси Нисимурага шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Токиодо жугуштуу оорулардын көбөйүү тенденциясы уланууда, буга кошумча дельта штаммы дагы жайылууда. Ошондой эле жай мезгилинде калктын активдүүлүгү жогорулаган учур. Инфекцияны жайылтпоо жана саламаттыкты сактоо тутумун коргоо үчүн биз өзгөчө кырдаал режимин киргизип жатабыз", - деген Нисимура эксперттик комиссиянын отурумунда.

Япониянын борборунда 23-июлдан 8-августка чейин боло турган жайкы Олимпиада оюндары учурунда Токиодо өзгөчө кырдаал режими иштей бере турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан