Бүгүн, 8-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 202 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 8-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 202 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 621 метр куб, агып чыгышы 393 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемден.
Кечээ, 7-июлда суу сактагычта 11 миллиард 182 миллион метр куб суу бар болчу.
Ал эми 2020-жылы 8-июль күнү Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 575 миллион метр кубду түзгөн.