Баткен облусунун эки айылына селдин кесепетинен улам өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлап, учурда министрликтин кызматкерлери келтирилген зыяндардын жоюунун үстүндө иштеп жатышат.
"Жаратылыш кырсыгынан улам Баткен облусунун Согмент, Газ жана Кара-Булак айылдарына зыян келтирилген. Сел суулары жолдорду, короолорду, 2 көпүрөнү жана 3 гектар айдоо жерин каптаган. Жергиликтүү тургундардын мүлктөрү кыйраган. Келтирилген зыянды жоюуга 15 куткаруучу, 40 тургун жана техникалар тартылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.