Ошто Ленин чокусунан түшүп келе жаткан польшалык альпинист каза болду

Ошто Ленин чокусунан түшүп келе жаткан польшалык альпинист каза болду. Окуя кечээ, 7-июлда орун алганын Ош ОИИБинин маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, альпинисттер тобу Чоң-Алай айылы тараптан Ленин чокусуна чыгышкан.

"Чокунун 5100 метр бийиктигинде 1971-жылы туулган Бернхард Пиотр аттуу польшалык жаран жүрөгү сокпой калып каза болгон.

Жерине барган ыкчам тергөө тобу барганда 2-июль күнү туристтик фирмага чет элдик 14 жаран чокуга чыгуу үчүн келишкен. Алардын 12си Орусия, экөө Польшадан келгени белгилүү болгон. Алар базалык лагерде эки күн болуп, 4-июлда чокунун 4400 метр бийиктигине чыгышкан. 6-июлда альпинисттер чокунун 4800 метр бийиктигине, 7-июлда 5100 метр бийиктикке чыгышып, кайра артка кайткан.

Алар ылдый түшүп келе жатканда Бернхард Пиотр эс-учун жоготуп кулап түшкөн. Ага жасалма дем алдыруу жасашкан, бирок ал эсине келген эмес. Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - дешти мекемеден.

Учурда окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан