Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 4 тургун арыз менен кайрылышкан. Алар 20-28-июнь күндөр аралыгында үйлөрүнө түнкүсүн белгисиз кылмышкерлер кирип, акча жана телефондорун уурдап кетишкенин билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 400 миң сомдон ашуун материалдык чыгымга учурашкандыктарын белгилешкен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришет.
Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Жогорудагы кылмыш иштеринин бетин ачуу максатында Жалал-Абад ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан окуяга шектүү катары Сузак районунун 2001-жылы туулган Б.М. аттуу тургун кармалып, Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары улантылып жатат.