Чүйдө 28 жаштагы жигитти туугандары талаага алып барып сабап, акчасын алып кетип калышкан

Чүйдүн Мраморное айылында 28 жаштагы жарандын туугандары сабап, акчасын алып кеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

29-июнь күнү Аламүдүн РИИБине ооруканалардын бирине денесинен жаракат алган эркек киши жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Ал жерден милицияга 1993-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 29-июнь күнү болжол менен саат 05:30 чамаларында Мраморное айылындагы талаалардын биринен туугандары аны сабап, 3500 сом акчасын алып кетип калганын билдирген. Арыздануучу алган жаракатынан улам аймактык ооруканага кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, окуяга шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталып, алардын бири 1993-жылы туулган А.А. аттуу жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан