Бак-дарактарды эффективдүү башкаруу абанын температурасын төмөндөтүүгө шарт түзөт

Шаардык токойлор жана бак-дарактар ​​эффективдүү башкарылса, абанын температурасы 8 градуска чейин төмөндөйт. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюму социалдык тармактагы официалдуу баракчасына жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бак-дарактар ​​эффективдүү башкарылса, кондиционерлердин чыгымдары 40 пайызга чейин төмөндөтүлүп, нөшөр суунун агымы азайып, чаңды жана булгоочу заттарды чыпкалап, абанын сапатын жакшырта алат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарында абанын температурасы 40 градуска чейин жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek.94
2021-07-08 23:38:56
Эми эсиңерге келдиңерби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан