Франциянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Клемент Бон Евро Биримдик өлкөлөрүн Орусиянын жана Кытайдын вакциналарын Европанын дары-дармек агенттиги бекиткенге чейин колдонбоого үндөдү. Бул тууралуу ал "France 2" телеканалынын эфиринде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Вакциналардын саны Европанын дары-дармектер агенттиги тарабынан бекитилген вакциналар менен гана чектелиши керек" - деп билдирген Бон.
Европа Биримдиги Pfizer, Moderna, AstraZeneca жана Johnson&Johnson компанияларынын вакциналарын бекиткен. Европанын дары-дармек агенттиги март айынан бери Орусиянын вакцинасын текшерүүдөн өткөзүүдө. Өндүрүш текшерилип, бардык технологиялык маалыматтар алынганда вакцина колдонууга бекитилиши мүмкүн.
Европа кеңеши май айында коронавируска каршы Европанын дары-дармек агенттиги же Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан бекитилген дары-дармектер менен эмдөөнүн толук курсун аяктаган туристтерге чек араны ачууну сунуш кылган.