Чүйдүн Аламүдүн районундагы Заречный айылында ачык аянтта куураган чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, болжол менен 60 түп алма бак күйгөн. Жалпы аянты 10 гектарды түзөт.
Жерине 1 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 12:20да чектөөгө алып, саат 14:55де толук өчүрүлгөн.