Серхио Рамос ПСЖ клубуна өттү

Франциянын ПСЖ клубу жайкы трансферди жигердүү жүргүзүп жатат. "Реал Мадрид" клубунун мурунку коргоочусу Серхио Рамос ПСЖ клубуна өттү. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Буга чейин командага Ашраф Хакими кошулуп, ал үчүн ПСЖ Интерге 70 миллион еврого жакын акча төлөгөн жана Жоржинио Вийналдум ПСЖга Ливерпулдан эркин агент катары өткөн. Жакынкы күндөрү париждик клубга Италия курама командасынын дарбазачысы Жанлуижи Доннарумма өткөндүгү тууралуу маалымат жарыяланышы күтүлүүдө. Анын Милан менен келишими 30-июнда аяктап, ПСЖга эркин агент катары өтөрү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dastan_nookat
2021-07-09 10:56:46
Реал Мадрид жүзү калбай баратат окшойт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан