Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда күнү-түнү ишеним телефондору иштеп жаткандыгын эскертет. Шаарда 37 мобилдик бригада иштөөдө, акыркы суткада 822 чакыруу болуп, 993 ПЦР-тест алынган.
"Урматтуу шаардыктар, өзүңөргө жана жакындарыңарга кам көргүлө. Бет кап тагынып, колду бат-баттан самындап жууп, антисептикалык каражатты колдонуп, аралыкты сактагыла. Өзүңөрдүн жана жакындарыңардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла.Эгерде коронавирустук инфекциянын белгилерин байкасаңыз, үй-бүлөлүк медициналык борборлого жана 118 ишеним номерине байланышып, үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.