Оштогу унаа заводу: "Жүк ташуучу автоунаалар кураштырылып, лифт, электрогенераторлор чыгарыла баштады"

Оштогу унаа заводу жүк ташуучу автоунааларды кураштырып, лифт, электрогенераторлорду чыгара баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Ош шаарындагы “Кыргызунаакурулуш” заводунда жүк ташуучу автоунааларды чогултуп, чыгара баштады. Иштин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго “Кыргызунаакурулуш” унаа куруу заводунун негиздөөчүсү Нурбек Осмонов тааныштырып, жумушчулар менен пикир алышты.
Мэр ишкерлерди колдоо менен шаардын инфратүзүмүн жакшыртууга, элди жумуш менен камсыз кылууну шарттай турганын айтты.
“Кыргызунаакурулуш” унаа куруу заводу Кыргыз өлкөсүндө алгачкы жолу жүк ташуучу унааларды чогултуп баштады. Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бардык өндүрүш процесстери немец технологиялары менен жүргүзүлөт. Бул чыгарылган продукциялардын жогорку сапатта болушун шарттайт. Өндүрүштүк ишке Түркия жана Орусиядан адистер тартылган.
“2018-2020-жылдар аралыгында курулуш жана ишке киргизүү аракеттери болду. 2020-жылдын ортосунан тарта биринчи продукциялар – электрогенераторлор жана электрокалканчтар, лифттер, темир эшиктер чыгарыла баштады. “Кыргызунаакурулуш” унаа куруу заводу ар кандай татаалдыктагы энергетикалык жана унаа куруу жабдууларын долбоорлойт жана чыгарат. Жакынкы мезгилде электромобилдер чогултулуп баштайт. Завод сапатка, технологиялык процесстердин экологиялык талаптарга жооп берүүсүнө басым жасайт. Ишкана рынокто лидерлик позицияларда болууну, Кыргыз Республикасында өндүрүштүн өнүгүүсүнө салым кошууну көздөйт. Ишкананын өз конструктордук бюросу бар. Типтүү продукцияларды гана эмес, индивидуалдуу буйрутма менен стандарттуу эмес буюмдарды да жасай алат. Унаа куруу заводунун ачылышы бюджетти толтуруу гана эмес, жумуш орундарын түзүү”, - деп билдиришти аталган заводдун жетекчилиги.
Ишканада 300дөн ашуун адам эмгектенип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
algakaray
2021-07-09 00:17:12
Жакшы жанылык
+9
algakaray
2021-07-09 00:18:37
Китайская марка Дун Фын эмеспи?
+4
souza.j
2021-07-09 03:40:16
Кандай кубанычтуу кабар.
+4
Asmat84
2021-07-09 06:11:26
Ушул унаа жөнүндө кененирээк маалымат берип койгулачы. Модели кандай аты кандай объему кандай баасы канча болот деп
Өтө сонун кабар. Өзүбүздө ушундай жакшы жаңылыктар чыгып турганы өтө сонун. Кыргыз унаа курулуш ишканасынын жетекчиси Нурбек деген жигитке даңк тарыхта калуучу жигит болдуң ишиңе ийгилик. Буюрса портердин ордун басчудай экен
+5
alaialaibekov
2021-07-09 10:46:51
Соонун жанылык .ушундай оз олкобузго акча салган бизнесмендер кобойсун !!.сыртка салбай .жарандарыбыз жумуш менен камсыз болушат эле .ар кайсы жакта журбой
+1
fak
2021-07-09 11:33:02
Оштун мэри бар болсун,Алга!
+1
Zarema11
2021-07-09 12:12:32
Эң жакшы жаңылык.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан