
Чүй дарыясында жансыз денеси калкып калган аял кишинин сөөгү суудан чыгарылды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 8-июлда саат 19:55те куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн.
"Анда Жел-Арык айылында Чүй дарыясынын жээгинде аялдын жансыз денеси калкып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти", - дешти министрликтен.