Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Пүшкөт жайлоосунда 7-июль күнү куураган чөп, арча-бадалдардан өрт чыккан.
"Өрттү өчүрүү иштерине жалпы 57 куткаруучу, токой чарбасынан 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 110 адам тартылган.
Куткаруучулар жеринде түнөп калышкан. Бүгүн, 9-июль күнү өрттү өчүрүү иштери улантылууда", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.