Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ден соолугу тууралуу Түштүк Корея үн катты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын акыркы учурда дээрлик 20 килограммга арыктаган, бирок анын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр жок. Бул тууралуу Түштүк Кореянын депутаты Ким Бен Ки атайын кызматтар менен болгон кеңеште белгилегенин чет элдик басылмалар маалымдашат.

"Эгерде анын ден соолугунда кандайдыр бир олуттуу маселе болсо анда Ким Чен Ындын ден соолугу үчүн жооптуу болгон клиникага дары-дармектердин алып келинип жаткандыгы жөнүндө маалыматтар болушу керек эле. Бирок ал табылган жок", - деп түшүндүрмө берген.

Түштүк Кореянын депутаты Түндүк Кореянын лидери дагы деле "көп сааттык жолугушууларды" өткөрүп, өз ишин так аткарып жаткандыгын жана анын азыркы учурда жашоосунда адаттан тыш эч нерсе жок экендигин айтып өттү.

Буга чейин Түштүк Кореянын массалык маалымдоо каражаттарында Ким Чен Ындын акыркы жолу эл алдына чыккандан бери арыктап кеткени айтылып, абалы көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-07-09 11:53:18
Оххооо ун катыптыр,эмне болот эми?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан