Нарын облусундагы М.Рыскулов атындагы Академиялык музыкалуу драма театры октябрь айынын башында 76-сезонун ачкан эле. Сезондо театрдын жамааты Нарын шаарындагы мектептерге жана шаарга жакын жайгашкан айылдардын маданият үйлөрүндө элге спектакль менен концерттик программаларды тартуулашкан. 31-октябрда драматург Акимаалы Чекировдун Касым Тыныстановдун өмүр баянын чагылдырган “Кызыл профессор” чыгармасы Нарын шаарына коюлат. Ал эми 2-ноябрда Маданият кызматкерлеринин күнүндө майрамдык чоң программадагы концерт көрүүчүлөргө тартууланып, театрдын 76-сезону жабылат.