"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча COVID-19 менен ооругандар үчүн жетиштүү орундар бар. Ошондой эле запастагы керебеттер дагы каралган. Ооруканалардын даярдыгы былтыркыга салыштырмалуу бир топ жакшы", - деди брифинг учурунда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө республиканын 78 ооруканасында 5 миң 888 керебет (Бишкек шаарында 2 миң 153) COVID-19 менен ооругандар үчүн жайгаштырылган. Анын ичинен жандандыруу бөлүмүндө 452 орун бар (158 Бишкекте). 9-июлга карата 223 бош орун бар (Бишкекте 48 орун). Ошондой эле өлкө ичинде 2 миң 190 керебет резервде турат.
Буга чейин ыктыярчылар коронавирус менен ооруп калгандар үчүн борбор калаадагы ооруканаларда орундар калбай калганын социалдык тармакка жазып чыгышкан. Ыктыярчылардын айтымында, оор абалда алып келинген бейтапка ооруканалардан орун табылбай көчөдө жардам көрсөтүлгөн.