Акыркы бир жума аралыгында Индия өлкөсүндө зика вирусун 13кө жакын адам жуктуруп алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Дарыгерлер бул илдеттин алып жүрүүчүсү аedes чиркейинин бир түрү экендигин айтышат. Индия мамлекети маалымдагандай, биринчи илдет өлкөнүн түштүк шаарларынын биринде, Парассалада катталган. Биринчи болуп 24 жаштагы кыз ооруну жуктуруп алган. 28-июнда бейтаптын дене табы көтөрүлүп, муундары ооруп баштаган. Ал жеке клиникада дарыланып, өзүнүн жашаган аймагынан алыс чыккан эмес, бирок ооруканага жаткырылгандан бир нече күн өткөндөн кийин, анын энесинде вирустун белгилери бар экени байкалган. Штаттын өкмөтү Пуне шаарындагы Улуттук вирусология институтунан ушул сыяктуу белгилери бар 13 адамдан зика вирусу аныкталганын билдиришкен.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирус биринчи жолу Уганда аймагында маймылдардан 1947-жылы табылгандыгын айткан. Чиркей чаккан соң адамдарда инкубация мезгили үч күндөн эки аптага чейин созулушу мүмкүн.