Орусиялык рэпер Моргенштерн (Валеев Алишер Тагирович) сүйүктүүсү Дилара Зинатуллинага өзгөчө стилде үйлөнүү сунушун киргизди. Бул тууралуу рэпердин колуктусу Инстаграм баракчасына жарыялаганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Анда рэпердин жарым жылаңач болуп тизелеп турганын көрүүгө болот. 21 жаштагы Диларанын айтымында, Алишердин бул кылыгы ал үчүн күтүүсүз болгон.
"Мен күтпөгөн нерсе болду. Үй-бүлө жана үйлөнүү той жөнүндө көп сүйлөштүк, бирок аны мурда көрүп жүргөндөй жасоону каалаган жокпуз. Бул учур өзгөчө, күлкүлүү, күтүүсүз болушун кааладым. Ушул сыйкырдуу учур үчүн жана мен кичинекей кезимден бери кыялданган классикалык жомок үчүн рахмат. Мен сени сүйөм!" ,- деп жазган ал.
Буга чейин рэперге баш кошуу сунушун сүйлөшкөн кызы биринчи болуп жасаган. Бул сунуштан кийин Моргенштерн сүйлөшкөн кызын "кылымдын айымы" деп атап, өзү күйөө бала болуп калганын айткан.
Алишер менен Дилара 2017-жылы Уфада таанышкан.