
Ошто шайлоочулардын добушун сатып алганга шектелип дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"8-июлда саат 23:30 чамасында алдын ала алынган маалыматка ылайык, жарандардын добуштарын сатып алууга шектүү катары 1991-жылы туулган К.Э. аттуу тургун кармалды. Ал Ош шаарынын аймагында жергиликтүү кеӊештин шайлоосуна катышып жаткан бир партиянын кызыкчылыгы үчүн жарандардын добуштарын сатып алуу максатында шаар тургундарына атайын алдын ала түзүшкөн тизме менен 1500 сомдон акча каражатын таратып жүргөндүгү маалым болгон. Алгачкы маалыматка ылайык, ал шайлоого катышып жаткан талапкердин жакын тууганы.
Учурда 192-берененин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды, тергөө иштери уланууда", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, 7-июлда саат 11:00 чамасында "шайлоочулардын добушун сатып алуу" фактысы боюнча Ош шаардык кеӊешине депутаттыкка талапкер кармалып, ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошол эле күнү саат 22:00 чамасында добуш сатып алууга шектелип депутаттыкка талапкер
кармалды.