Алматыда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтүн Жокерге айлантып боёп кетишти

8-июль күнү Алматыда белгисиз адамдар Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин дубалга тартылган сүрөтүн өзгөчөлөп, Голливуддагы терс каарман Жокерге айлантып боёп кетишти. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Жароков менен Мынбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мурал (дубалга тартылган сүрөт) бир нече жолу өзгөрүүгө учураган. Буга чейин Назарбаевдин тартылган сүрөтүнө «Cancel» (жокко чыгаруу) деген сөздү жазып кетишкенде кайрадан оңдошкон.

Бир нече күн мурун кайрадан жаңы мурал пайда болгон, анда Назарбаевдин жаш кезиндеги металлург болуп иштеп жүргөндөгү сүрөтү тартылган.

Бейшемби күнү портретти Жокердин образына окшоштуруп боёп кетишкен. Азыркы учурда жумушчулар сүрөттү боёп, оңдоп жатышканын өлкөнүн маалымат булактары жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан