Вакциналардын өндүрүшүн эки эсе көбөйтүп жана аларды дүйнө жүзү боюнча бирдей бөлүштүрүүнү камсыз кылуу керек. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерришке шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Бүгүн дүйнө COVID-19 пандемиясынын контекстинде дагы бир кайгылуу рекорд койду. Бул вирус буга чейин төрт миллион адамдын өмүрүн алган. Бул кайгылуу жыйынтык планетанын ар бир үчүнчү өлкөсүнүн калкынан ашып түштү", - деген Гутерриш.
БУУнун башчысы кошумчалагандай, вакциналардын жардамы менен "үмүттүн шооласы" пайда болгон, бирок вирустун жайылышы алардын өндүрүшүнөн жана жайылышынан ашып түшүүдө. "Бул пандемия бүттү деп айтууга болбойт: анын курмандыктарынын жарымынан көбү ушул жылы көз жумган. Вирустун токойдогу өрттөй жайылышына жол берилсе, дагы миллиондогон адамдар коркунучта болот", - деп баса белгилеген БУУнун башкы катчысы.