Биз социалдык тармакта

Бишкекте унаасынын номерин атайылап жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөн айдоочу кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 8-июль күнү болжол менен саат 11:15 чамасында Медеров жана Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номери жасалма экендигине шек жараткандыктан токтотушкан.

Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда, 1985-жылы туулган У.М. аттуу айдоочу унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып, айдап жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча кызматкерлер унааны убактылуу айып короо жайына токтотуп, ал эми айдоочуга андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Октябрь РИИБине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан